Блог: Бурса мода кубалабаган, туристтердин эсебинен күн өткөрүп, тарыхын баалаган адамдар жашаган шаар






Биринчи жолу чет өлкөгө чыккандыгым үчүнбү же силерге кызыктуу болот дедимби, айтор, силерге мен барып келген өлкө тууралуу айтып бергим келди. Анда сөз башынан болсун.
Биз Түркиянын Бурса шаарына бардык. Стамбулдагы "Ата-Түрк" аэропортунан Бурса шаарына 2 жарым сааттык жол. Тактап айтканда, Стамбул шаарынын чети менен айланып өтүп тарыхый шаарга кирип келесиң. Бурса биздин Бишкекке окшош, өзгөчө шаардын панорама жагына. Мына ошол биз барып жүргөн панорама жактагыдай тоолорго шаар курулган.
Аэропорттон Бурсага чейин жолду катар түрдүү бактар курчайт. Бактар зымга тизгендей түз анан чачтай таралган иреттүүлүгүнө таң калдым. Ал жакта токойчулар чындап иштейби же бак ошондой өсөбү, айтор, ашыкча өскөн бутак таппай убара болдум. Ал эми жолдун түздүгүн, кынаптап кыштай тизилип, жасалганын айтпай эле өтүп кетейин.
Бурса шаарында 3 миллион киши жашайт. Шаар тургундары ички өнөр жай тармагында иштейт. Бул шаарда унаалар жасалат, эң мыкты оливка өсөт.
Силерге калп, мага чын шаардын жашоочулары баары бирдей шартта, бирдей деңгээлде жашайт. Үйдүн баары окшош, эң өзгөчөлөнгөн же өтө кымбат үйдү көрө алган жокмун. Баарынын үйлөрү чакан, ыңгайлуу, жагымдуу жана кооз. Анан дагы ал жакта адамдар жашоону жеңил кабыл алып жашаганын көрдүм. Алар ар дайым бактылуу экен, наалыганын же кайгырганын көрө алган жокмун. Балким, мен көрбөй калгандырмын, бирок алар жеңил, элпек жана эмгекчил экенин даана байкадым.
Бурсада дээрлик түз жер жок. Ойдуң жерге кабаттап үйлөр курулуп, мелмилдеген жолдор салынган. Баса, мен жүргөн 4 күн ичинде бир дагы унаанын сигналын же айдоочулардын бири-бирине болгон орой мамилесин уга алган жокмун.
Биздин барган жерлер шаардын ар кайсы бурчунда болгондуктан биз көп жол жүрүп жаттык. Ошол жүрүштө мен тар көчөлөрдөн кагылышкан, сүзүшкөн, жинденген айдоочуларды жок. Болбосо жолдору абдан кууш жана чукул бурулуштар өтө көп.
Бурса тарыхый шаар болгондуктан калаада Улуу Жами мечити белгилүү мечиттердин бири. Аны көрүү үчүн Борбор Азиядан туристтер көп келет.
Эми Бурсанын тамагын, тейлөөсүн сиздерге мактабай эле коюуну чечтим, себебин өзүңөр билесиңер.
Сүрөттөгүдөй желектер ар бир үйдө, эс алуучу жайда же жөн гана көчөдө илинип турат.
Бурсанын базарында алтын сөйкө-шакек көп сатылат. Шагырап тизилген зер буюмдарды алган дагы кардарлар да көп. Ал эми кийим-кечелердин баалары биздикиндей экени байкалды. Дээрлик айырма деле жок.
Шаарда бул сүрөттөгүдөй үйлөр көп. Алар канча жылдан бери бузулбай, тарыхый мурас катары эсептелет. Алардын болгону сырты ар кандай түстөргө боёлгон. Муну шаар тургундары туристтерди тартуу деп түшүндүрүштү.
Жалпылап айтканда, Бурса бул тарыхый шаар. Ал жакта тарыхты бекем сактаган, жаңы модага кызыкпаган, туристтерди тарых менен тартып, күн көргөн адамдар жашайт.
Бурса шаарын бир күндө түрө кыдырып, тарыхка кайтып барып келсеңиз болот.
Сөз аягында бул саякатты бизге уюштуруп берген Түркия туризмди өнүктүрүү агенттигине (TGA) ыраазычылык билдирем.
кошулду

