super.kg logo
  Саясат  

Депутат Игорь Гусаров “мейманканаларга казинолорду ачабыз” дейт

 

Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Гусаров ("Ар-намыс") Кыргызстанда казинолордун иштешине кайрадан уруксат берүүнү демилгелөөдө. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 26-ноябрда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каралды. Гусаров айткандай, казинолордун оюн автоматтарысыз иштешине уруксат берилгени жатат.  

“Казинолордун иштешине тыюу салынгандан бери, алар жашыруун жайларда иштеп жатат. Мындай жол менен күрөшүү жарабайт”,- деген депутат казинолорду коммерциялык жана муниципалдык мекемелер менен биргеликте иштетүүнү сунуштады.  

“Кирешенин 50 пайыздан ашыгы муниципалдык мекемеде калат. Бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк. Казинолордун санына, ишмердүүлүгүнө айрым чектөөлөр кирет. Бир мисал, казиного 21 жаштан өткөндөр гана кире алат. Ушундай жол менен мамлекетке бир жылда 1,5 миллиард сом киреше түшөт”,- деди Гусаров. 

Депутат мындай жол менен мамлекеттик казынага түшкөн акча социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшала турганын кошумчалады. 

“Кийинки жылы өлкөдөн АКШнын жүк ташуучу транзиттик борбору чыгарылып, өлкө 60 миллион долларлык кирешеден ажырайт. “Кумтөр” маселеси да бюджетке таасир эте турганы айтылууда. Казинолор 60 номурдан кем болбогон отелдерде (мейманкана) болот”,- дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: