super.kg logo

Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри менен кызматташуу тууралуу сүйлөштү

 

Бүгүн, 5-апрелде президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-Венгер эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу багыттары жана келечеги талкууланды.

Садыр Жапаров Виктор Орбанды жана "ФИДЕС" партиясынын лидерин 4-апрелде өткөн парламенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров алдыдагы мааракелүү дата - эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын канааттануу менен белгилеп, учурдагы кыргыз-венгер мамилелерине жогору баа берди.

Ал Кыргызстан менен Венгриянын стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары биргелешип бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Виктор Орбан Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-венгер мамилелерин мындан ары эки тараптуу форматта да, көп тараптуу кызматташуунун алкагында да тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында кызматташууну бекемдөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча системалуу иштерди улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: