super.kg logo

"Шамбала" тасмасы Түркиядагы фестивалда сыйлыкты дүңүнөн алды

 
Эл аралык беделдүү фестивалдарга катышып, 20дан ашык сыйлыкка ээ болгон "Шамбала" тасмасы Түркияда өткөн "Istanbul Film Awards" фестивалда дароо 5 сыйлыкка ээ болду. Режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун айтымында, иш-чара мындан 2 күн мурда орун алып, онлайн форматта өттү.
Белгилүү болгондой, "Шамбала" көркөм тасмасы "Мыкты фильм", "Мыкты баян", "Мыкты жаш актёр" (Артур Аманалиев), "Мыкты оператор" жана "Мыкты сценарий" наамдарын жеңип алды.

Белгилей кетсек, "Шамбала" тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын "Ника" киносыйлыгын жеңип алган. "Оскар" киносыйлыгына да көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган тасма эл аралык 29 сыйлыкка ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: