super.kg logo

"Сары-Өзөн", "Дордой" базарларында кумшекердин баасы 80 сомго чейин, ун 1700 сомго чейин болууда

 

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Бишкектеги "Сары-Өзөн", "Дордой" азык-түлүк базарларында болуп, социалдык маанилүү азыктардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.

Аталган мекемеден билдиришкендей, "Дордой" азык-түлүк базарында 1-сорттогу ундун бир мүшөгү 1700 сомдон, кумшекер 80 сомдон, картошка 40 сомдон, сабиз 30 сомдон, өсүмдүк майынын 5 литри 720 сомдон сатылууда.

Ал эми "Сары-Өзөн" базарында негизинен жашылча-жемиштер сатылса, сатыкта социалдык маанидеги товарлар да бар. Алсак, ата мекендик ундун биринчи сорту 1650 сомдон (50 килограммы), кумшекердин килограммы 78 сом, өсүмдүк майы 5 литри 725 сомдон сатылууда.

"Мониторингдин жүрүшүндө сатуучулар менен социалдык маанидеги товарларды сатуунун шарттары, аларды сактоонун мөөнөттөрү жана шарттары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, салмак өлчөөчү каражаттарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле социалдык маанидеги товарлардын запастары маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Сатуучулардын айтымында, товардын запасы жетиштүү, учурда шаардыктар арасында дүрбөлөң жок. Ошол эле учурда "Акун" ишканасы тарабынан ун бир аз кечиктирилүүдө", - дешти агенттиктен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: