Netflix Казат Акматовдун чыгармасынын негизинде тасма тартышы мүмкүн. Лондондо сценаристтер үчүн сынак жарыяланды
Лондондо кыргыз жазуучусу Казат Акматовдун элесине арналып сценаристтер үчүн сынак белгиленди. Мындай маалымат OCA Magazine журналына жарыяланган.
Маалыматка ылайык, Лондондо өтүүчү төртүнчү ECG Film Festival кино фестивалынын алкагында Казат Акматовдун "Эрики Клаустун 13 кадамы" аттуу чыгармасынын негизинде жазылган мыкты сценарийге атайын сынак жарыяланган. Мыкты сценарийге 2 миң доллар ыйгарылат.
Ошондой эле жеңишке ээ болгон сценарийдин негизинде Netflix тасма тартышы мүмкүн экени айтылат маалыматта.
"Эрики Клаустун 13 кадамы" аттуу романда алыскы кыргыз айылындагы балдарга англис тилин үйрөтүү үчүн келген норвегиялык жаш кыздын окуясы баяндалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.