super.kg logo

Токой кызматынын директорунун орун басары Азамат Эркебаев 48 жашында каза болду

 
48 жаш курагында Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директорунун орун басары Эркебаев Азамат Төлөнович узакка созулган оорудан кийин мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Эркебаев Азамат Төлөнович 1974-жылы 20-декабрда Ош облусунун Кара-Кулжа айылында туулган. 1997-жылы Бишкектеги К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика факультетин ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолун өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматында, Монополияга каршы саясат тармагында бир катар жооптуу кызматтарды аркалап, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыктысы, Финансы экономикалык иштин отличниги, Салык кызматынын отличниги, Социалдык фондунун отличниги, Монополияга каршы органдын отличниги жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги төш белгилери менен сыйланган.
Өмүрүнүн акыркы жылдарында Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде статс-катчы кызматында эмгектенип, токой ишмердигин өнүктүрүүгө өз салымын кошту.
Өмүрлүк жубайы менен бирге 2 уул, 3 кызды татыктуу тарбиялап келген.
Өзүнүн кыска өмүрүндө мамлекеттик кызматкер катары татыктуу иштеп, кадыр-барктуу мыкты жетекчини жоготуу биздин жамаатка оор кайгы алып келди. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Токой кызматынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: