super.kg logo

Өлкөдөгү беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилет

 

Өлкөдөгү беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 4-апрелде өлкөнүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде республиканын жогорку окуу жайларынын ректорлору менен кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Бейшеналиев өлкөдөгү жогорку окуу жайлары 5 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын рейтингинде алдыңкы орундарды ээлеши керек. Бул үчүн 5 университеттин өзгөчө статусу бекитилет, аларга экономикалык жана өндүрүштүк эркиндик берилет, ошондой эле алар стандарттарды, абитуриенттерди кабыл алуу эрежелерин өз алдынча бекитүү, филиалдарды жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен ачуу жана башкаруу системасын өз алдынча өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болорун билдирди. Ошону менен катар министр ресурстарды топтоо үчүн жогорку окуу жайларды ирилештирүү мерчемделип жатканын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: