“Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол коюлду
“Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 17-мартында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо болуп саналат.
Бул мыйзам ушул мыйзамда каралган жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.