super.kg logo

Садыр Жапаров Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Спорт кайсы жерде, кайсы учурда болбосун улуту, дини жана саясий көз карашы ар башка болгон адамдардын, дене тарбия менен спортко кайдыгер карабай, сергек жашоону көздөгөндөрдүн башын бириктирип, эл достугун арттырат.

Дегеле ден соолукка кам көрүп, машыгууну көндүмгө айлантуу баарыбызга күч-кубат, жарашыктуу келбет берип, сергек ой жүгүртүүгө өбөлгө болот. Адамдын эркин бүлөп, эр мүнөзүн калыптандырып, турмуштун ар кандай оош-кыйыштарына туруктуу болууга тарбиялайт.

Өлкөбүздүн эл аралык коомчулуктагы, дүйнөлүк алкактагы аброюн көтөрүүдө спорт тармагынын өз орду бар. Биздин спортчуларыбыз көптөгөн эл аралык мелдештерде, анын ичинде Азия, Олимпиада, Паралимпиада оюндарында мамлекетибизди татыктуу таанытып, кыргыз туусун бийик желбиретип келе жатат.

Мындай демдүү, күчтүү, таланттуу спортчуларыбыздын катары арбып жаткан маалда спорттук инфраструктураны жакшыртууга, жогорку квалификациялуу адистерди, насаатчыларды жана мугалимдерди даярдоого абдан көңүл буруубуз кажет. Жашына жана кесибине карабастан, ар бир адам сүйүктүү спорту менен машыгуусуна шарт түзүүбүз маанилүү. Анткени спорт алдыга койгон максаттарга өжөрлүк менен жетүүгө, кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөтөт.

Өзүңүздөр билгендей, көп сандаган атак-даңкка жеткен чемпиондорубуз Олимпке карай жолун жаштайынан машыгып, мектептердеги спорт секцияларынан тарбияланып башташкан. Албетте, мекен сыймыктанган мындай азаматтарды тарбиялоодо, ийгиликтерди жаратууда спорт тармагындагы машыктыруучулардын тер төккөн мээнетин баса белгилеп айта кетүүбүз керек", - деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: