Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында бак отургузуу иш-чарасы өттү. Ага министрдин орун басары катышты (фото)











Бүгүн, 6-апрелде Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында "Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө" арналган "Дарак отургузуп - планетага жашоо бер" акциясы болуп өттү.
Акцияга саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, мэриянын, Ички иштер министрлигинин, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, ыктыярчылар катышты.
Жалолидин Рахматуллаев өз сөзүндө бак тигүү менен шаардын экологиясын, адамдардын ден соолугун коргоого болот экендигин баса белгиледи.
"Бүгүн иш-чарага катышып жаткан адамдардын маанайы аябай жакшы. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1950-жылы ушул күндү "Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү" деп жарыялаган. Ошондон бери жыл сайын бул майрам майрамдалып келет.
Бул күнү ар дайым бак тигилет. Мен ойлойм ар бир инсан жаратылышка салым кошушу керек. Бүгүнкү күндө биз бак тигүү менен шаардын тазалыгын камсыздайбыз. Баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын", - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалолидин Рахматуллаев.
Андан соң министрдин орун басары бак отургузуп, ага суу куйду.
Иш-чарага катышкандар түшкө чейин бак отургузуп, түштөн кийин таштанды чогултарын белгилеп өтүштү.
Мындан тышкары, иш-чарага катышкандар ВИЧке тест тапшырып, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшүп, бекер кан басымын жана кант диабетин текшертишти.
