super.kg logo
  Саясат  

“Кыргызгазды” сатууга байланышкан макулдашуу ЖКнын тийиштүү комитетинен колдоо тапты

 

Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда “КРнын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган табигый газды КРнын аймагына жеткирүү, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору кайра каралды.

Комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтымында, айрым депутаттардын макулдашуудагы айрым маселелерди тактоо өтүнүчү менен бул маселе күн тартибине киргизилди.

Комитет мүчөлөрү макулдашууда жер тилкеси кайтарымсыз берилет деген сөз 25 жылга ижарасына акы төлөөсүз пайдаланыларын, газдын баасы КРнын Монополияга каршы мамлекеттик комитети менен макулдашып чечилерин такташты. 

К.Рыспаев макулдашуу долбооруна ылайык республиканын бардык шаарларына газ жеткирүү маселеси каралып, Нарын шаары каралбай калганын, буга нарындыктар нааразы экенин айтты. “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев бул 5 жылдыкка киргизүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирди. 

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү комитеттин аталган макулдашууну колдоо боюнча мурдагы чечимин добушка коюп, кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: