Экономика министринин эки орун басары тең алмашты







Экономика министринин эки орун басары тең алмашты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов жана дагы бир министрдин орун басары Элдар Алишеров кызматтарынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-мартта кол койгон.
Ал эми бүгүн, 6-мартта алардын ордуна дайындалган, министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов жана орун басар Вероника Исаеваны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев эмгек жамаат менен тааныштырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.