super.kg logo

Кооператив деген эмне? Карапайым калктын көз жашын агызган кара кассанын сыры

 

Акыркы жылдары кооперативдер жамгырдан кийинки козу карындай эле көбөйдү десек болот. Бирок андай кооперативдерге алданып, берген акчасын кайтарып ала албай жүргөн жарандардын саны жүздөп саналат. Күн алыс кооперативдерге алданып, чырылдап митингге чыкккан жарандарыбызды көрүүдөбүз. Бирок арасында кооперативдер аркылуу үйлүү, унаалуу болгон бирин-эки жарандарыбыз да бар. Биз деги эле кооператив деген эмне? Ал кандай кызмат аткара турганын адистер менен бирге аныктоого аракет кылдык. Анда аягына чейин окуңуз.

Кооператив (жамаатчылык) (лат. cooperatio – кызматташуу) – жеке жана юридикалык жактардын өздөрүнүн экономикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында мүчөлүк негизде ыктыярдуу биригүүсү. Жөнөкөй тил менен айтканда, бир максатты көздөгөн адамдардын уюшулган уюму. Жарандардын биргелешип бири-биринин көйгөйүн чечүүсү болуп саналат.

Кооперативдердин түрлөрү

Турак жай кооперативи - үй алууну же салууну көздөгөн жарандардын бир арага ыктыярдуу бирикмеси. Кооперативге мүчө жарандар ачка чогултушуп, кезек менен үйлүү болушат. Аны менен катар мүчөлөр улам толукталып турат.

Өндүрүштүк кооператив - айыл чарба продукцияларын (өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбалык) өндүрүү боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн кооператив. Өндүрүштүк кооператив өз мүчөлөрүн жумуш менен камсыз кылат.

Айыл чарба кооперативи - айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жумуш менен камсыз болуусуна, айылдын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган кооперативдик системанын маанилүү сегменттеринин бири болуп саналат. Ишинин түрүнө жараша кайра иштетүү, сатуу (соода), тейлөө, камсыздоо, багбанчылык, мал чарбачылык жана башка болуп бөлүнөт.

Кайра иштетүүчү кооператив - айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча түзүлгөн кооператив.

Тейлөө кооперативи - айыл чарба продукцияларын сатуучу, ошондой эле аны сактоону, ташууну, ветеринардык жактан тейлөөнү, жер семирткичтерди жана химикаттарды колдонуу боюнча иштерди, илимий-консультациялык жана башка кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу кооператив.

Кредиттик керектөө кооперативи - мүчөлөрүнүн өз ара финансылык жардамга болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн түзүлөт. Кооператив өзүнүн мүчөлөрү үчүн насыя берүү сыяктуу финансылык операцияларды жүргүзөт.

Түптөлүш тарыхы

Алгачкы кооперативдик ишканалар 19-кылымдын башында Улуу Британияда жумушчулардын абалын жакшыртууга умтулган филантроптор тарабынан түзүлгөн. Бирок 1820-1830-жылдардан тарта жумушчулар өздөрү кооперативдик дүкөндөрдүн, тегирмендердин жана нан бышыруучу жайлардын ээлери боло башташкан. Кооперативдер эмгекчилерге товарларды арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берди. Алгач керектөө коому, андан кийин кредиттик шериктештиктер, андан кийин маркетингдик-өндүрүштүк бирикмелер пайда болгон.

1844-жылы Рочдейл шаарынын англиялык токуучулары кооперациянын негизи болуп калган принциптер боюнча керек-жарак кооперациясын ачышкан. Ал эми 1860-1880-жылдары Улуу Британия менен Германиянын кооперативдери ийгиликтүү болуп, алар союздарды түзө башташат. Ошол эле жылдары Италияда, Францияда, Швейцарияда, Бельгияда жана Скандинавия өлкөлөрүндө кооперативдик системалар пайда болот. 1890-жылдары Европадагы кызматташтык 2 миллиондон ашык мүчөнү камтыган.

Турак жай кооперативдер уюмунун мүчөсү, экономист Кубан Чороев буларга токтолду.

"Азыр бизде кооперативди түшүнгөнү, түшүнбөгөнү деле кооператив уюштуруп жатышат. Кооперациянын өзүнүн принциптери, механизмдери, уставдары бар. Азыр айрым кооперативдер ал принциптерге каршы иштеп жатышат. Кооператив деген – бул кезектешип, баарылап бири-бирине үй алып берүү. Биздин тойлор, шерине, ашар жолу менен иш кылуу сыяктуу нерселер бар эмеспи, кооператив деле ошол сыяктуу. Азыркылардын экономикалык моделдери туура эмес болуп жатат. Кооперативдин негизги уставында кезек качан келери белгисиз болот, анткени кооперативаны ээси өзү да билбейт. Азыркылар "3 айда, 6 айда мынча каражат төлөсөң үйлүү болосуң" деп жатышпайбы, бул туура эмес. Мөөнөт менен кепилдик берүү деген болбойт чыныгы уставда. Алгач уюмга мүчө кардар канча бир жыл топтоо программасына катышат. 2 жылдабы, 3 жылдабы, топтогон акчасы белгилүү бир ченге жеткенде гана ага үй берилет. Азыр адамдар бат болчу нерсеге дароо кызыгышат, анан пирамида ыкмалары менен иштеген адамдардын торуна түшүп калып жатышат. Азыр дилетанттар кооператив уюштуруп калышты. «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизбесек дилетанттардын айынан жабыр тарткандардын саны көбөйө берет", - деди ал.

Юрист Шердор Абдыкапаров кооперативдердин 95 пайызы көз боёмочулар дейт.

"Кооперативдердин дээрлик 95 пайызы көз боёмочулар. Мыйзамды жакшы билбеген карапайым адамдарга "башында 20-30 пайызын гана төлөйсүңөр" деп, 6000-7000 доллар төлөтүп, көбүнчөсү "сиз күтө туруңуз, сиздин кезек келгенде айтыбыз" дешет. Анан кезегин айрымдар 1-2 жыл күтүшөт. Анан киши чогултушат. Акырында баарын алдап качып кеткендерди көрүп жатабыз. Жабырлануучулардын көбү барып арыз жазышат. Милициялар "тамыңарды берет турбайбы, келишим түзгөн турбайсыңарбы" деп коюшат. Бир кезде карасаң башчылардын баары чет жакта жүргөн болот. Мага да жардам сурап кайрылгандар көп болду. Алардын көбүнчөсү ала албай калган. Болгону 1-2 жаран гана үйлөрүн алган", - деди юрист.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: