super.kg logo

Жылнаама. 27-ноябрь: 1940-жылы Актёр жана режиссёр Брюс Ли туулган

 
*1940-жылы (73 жыл мурун) чыгыш мушташ өнөрүнүн легендасы, кунг-фу чебери, актёр, кинорежиссёр, продюсер жана сценарист Брюс Ли АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында туулган. Ал Кытайда Ли Сяолин, Ли Чжэньфань ысымдары менен да таанымал. 
Бала кезинен баштап фильмдерге тартыла баштап, жалпысынан 36 тасмада роль жараткан. Батышка чыгыш мушташ өнөрүн тааныткан. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө 30га чукул фильм тартылган. ХХ кылымдын экинчи жарымында Европа өлкөлөрү менен АКШда чыгыш мушташ өнөрүнүн жылдызы катары кеңири таанылган. Кунг-фудан сырткары бокс жана дзюдо менен машыккан. «Джит Кун-до» деген аталыштагы кунг-фунун өзүнүн стилин жасап чыгарган.
*1960-жылы (53 жыл мурун) саясатчы, Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенко туулган. Улуту латыш, кесиби боюнча инженер-экономист.
*1961-жылы (52 жыл мурун) белгилүү орусиялык диктор Екатерина Андреева төрөлгөн. Ломоносов атындагы ММУнун тарых факультетин бүтүрүп, андан соң юридикалык жактан билим алган. Алпаруучулукка чейин прокуратурада тергөөчү болуп иштеген. Биринчи канал конкурс жарыялап жатканын угуп, тагдырын сынап көрүүнү чечет. Алгач ага “чачы узундун акылы кыска” дегендей мамиле жасап, көңүл бурушпайт. Бирок анын үнүн жана сүйлөө манерасын уккан башкы режиссёр дароо кабыл алат. Жаңы кесиби менен катар Радио жана телевидение кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү институтун бүтүрүүгө жетишет. 
Тарых жөн гана кызыкчылыктарынын бири болуп калган. Илимдин аркасынан түшпөй, журналистикага баш-оту менен кирип кеткенине эч өкүнбөйт. 
“Теледива” Екатерина Андреева 1997-жылдан бери “Время” маалымат программасынын диктору болуп эмгектенет. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: