super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун жергиликтүү бийликке берген тапшырмалары кандай аткарылып жатканы тууралуу кеңешме өттү

 

Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев кеңешме өткөрдү. Анда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушууларын өткөрүү жөнүндө тапшырмаларын аткаруу аракеттери каралды.

Ага президенттин администрациясынын кызматкерлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Айбек Жунушалиев жетекчилерге коюлуп жаткан негизги талап — массалык маалымат каражаттарында жарыяланган график боюнча жергиликтүү эл менен жолугушуунун күнүн жана ордун так сактоо керектигин белгиледи.

Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, протоколдор жер-жерлерде кабыл алынган тапшырмалардын аткарылышын кийинки көзөмөлгө алуу үчүн президенттин администрациясына жөнөтүлөт.

Эске салсак, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери 11-апрелден 22-апрелге чейин аймактарды кыдырып, жер-жерлердеги курч көйгөйлөрдү ыкчам кароо, орун алган маселелерди чечүү максатында өлкө жарандары менен жолугушууларды өткөрүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: