super.kg logo

Ошто 5-кабаттан секирген окуучу кызга экинчи ирет операция жасалды

 

Ош шаарында 7-класста окуган 2 кыз көп кабаттуу имараттан боюн таштап, бирөө каза болуп, экинчиси ооруканага эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Ош шаардык балдар ооруканасына которулган бейтапка экинчи ирет операция жасалды. Бул туурасында аталган оорукананын балдар травматологу Тамырлан Абдыкадыров тарабынан маалым болду.

Адистин айтымында, бейтаптын абалы салыштырмалуу жакшы.

"Окуучунун колуна операция жасалып, темир коюлду. Учурда абалы жакшы, сүйлөшүп калды, бирок баса элек. Азырынча бейтапты чарчатып албайлы деп көп сүйлөтүп, тынчын алган жокпуз. Буга чейин анын башына операция жасалып, уюп калган кандар тазаланган. Жарым жылда же бир жылда бейтапка дагы операция жасалып, колуна коюлган темир алынат", - дейт травматолог.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 17-мартта эки окуучу кыз 5-кабаттан боюн таштаганын Ош ШИИБинен кабарлашкан. Анын бири каза болуп, экинчиси оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү, абалы оор экени маалымдалган. Кийинчерээк бейтаптын башына операция жасалганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: