Ош шаарынын мэри калаадагы сейил бактардын абалын көрүп чыкты



Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаадагы сейил бактардын абалын текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, текшерүүдө сейил бактардагы аттракциондордун коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу тапшырмасы коюлду.
"Май майрамдарында эс алуучулардын көңүлүн көтөрүү, майрамдык маанай тартуулоо үчүн ар кандай иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча мэриянын маданият бөлүмүнө, спорт, жаштар комитеттерине тапшырмалар коюлду.
Шаардык ички иштер башкармалыгына эс алуучу жайлардагы коопсуздукту сактоо, урдоо-тоноо сыяктуу кылмыштардын алдын алуу багытында иштерди күчөтүү керектиги айтылды", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.