super.kg logo

ЖЫЛНААМА: Белгилүү төкмө акын, дастанчы Тууганбай Абдиев көзү тирүү болгондо 85 жашка чыкмак

 

Белгилүү төкмө акын, дастанчы, комузчу Тууганбай Абдиев 1937-жылы 7-апрелде Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Ничке-Сай айлында туулган.

1955-жылы Токтогул райондук маданият сарайында, 1956-1961-жылдары Жалал-Абаддагы кыргыз драма театрында иштеген.

Ал эми 1961-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисти болуп, 1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин (азыркы Кыргыз улуттук университетин) аяктаган.
Театрга келгенге чейин эле алгачкы устаты Коргоолдон комузга коштоп ырдоону, айтыштын ар кыл түрлөрүн, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды комуз менен аткарууну үйрөнгөн.
"Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Бала кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, көк тамак", "Ак Бакай", "Лу-лу Мамажан" комуз күүлөрүн, "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун жана башкаларды мурдагы авторлордун деңгээлинде аткарбастан, өз чеберчилиги менен алардын таасирдүүлүгүн ого бетер тереңдеткен. Ошондой эле "Эрке кыял" аттуу күүнүн автору.
Тууганбай Абдиевдин "Таңшы комуз" (1979-жыл), "Ыр канатында" (1984-жыл) ыр жыйнактары жарык көргөн.
Тууганбай Абдиев Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1993-жыл), Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (1986-жыл) болгон. Ошондой эле төкмө акындардын "Ак таңдай - 1993", "Манас 1000" эл аралык айтыштарынын, "Курманбек -500" дастанчылардын сынагынын жеңүүчүсү болгон.
Тууганбай Абдиев узакка созулган оорунун айынан 2008-жылы 1-декабрда Бишкек шаарында каза болгон. Кыргыз эл артисти Тууганбай Абдиевди акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 3-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн. Залкар төкмөнүн сөөгү 2008-жылы 3-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
7-апрелге карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: