Өлкөдө бүгүн дагы коронавирус илдети катталган жок
Акыркы суткада өлкөдө коронавирус илдети катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, COVID-19 илдетинен 11 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.
Республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы 90 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 19 бейтап бар.
Өлкөдө коронавирус илдети 200 968 адамдан аныкталса, 196 279 бейтап сакайды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.