super.kg logo

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынында 7 маселе каралды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезексиз жыйынын видеоконференция режиминде өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын күн тартибинде 7 маселе каралды.

Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу маселеси каралды. Талкуунун жыйынтыгында номенклатурасы бардык тараптар менен макулдашылган товарлардын айрым түрлөрү үчүн ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын убактылуу баштапкы абалга келтирүү, ошондой эле анын кыска мөөнөттөрүн эске алуу менен товарлардын максаттуу киргизилишин тастыктоо зарылдыгынан баш тартуу, чараны практикалык ишке ашыруу процессин жөнөкөйлөтүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен макулдашылган товардык позициялардын тизмесине Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган 243 товардык позиция киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: