super.kg logo

Бакыт Төрөбаев туроператорлор менен туризмди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев туристтик бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде туризм тармагынын стратегиясын иштеп чыгуу, коопсуздук маселелери, туризм тармагынын субъекттеринин реестрин түзүүнүн тартиби жана туристтер үчүн чакырууларды берүү механизми талкууланды.

Бакыт Төрөбаев туризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кызыкдар мамлекеттик органдар жана бизнес-ассоциациялар менен биргеликте орто мөөнөттүү мезгилге Туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Экономика жана коммерция министрлигине туризм тармагын стимулдаштыруу боюнча программаны (материалдарды, техникаларды, жабдууларды ташып кирүүдө бажы алымдарынан жана салыктарынан бошотуу, ошондой эле эл аралык практиканы эске алуу менен дем берүүнүн башка түрлөрү) иштеп чыгуу мүмкүндүгүн иликтөө тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине шенген жана америкалык визасы бар туристтер үчүн Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визасыз режимди киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун карап чыгуу жана бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Казакстандын визалык режимдерин өз ара таануу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Кеңешменин жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасынын тийиштүү орун басарынын жетекчилиги астында бизнес жана кызыкдар мамлекеттик органдардын катышуусунда туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзүү чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: