super.kg logo

Алматы аэропорту Бишкектеги "Манас" аба майданы популярдуу болуп кеткенин билдирди

 

“Алматы эл аралык аэропортунун” президенти Эрсой Альп Эр Тунга пандемия учурунда Бишкектеги “Манас” аэропортунун популярдуулугунун жогорулашына байланыштуу кырдаалга токтолду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

"Бишкектеги аэропорттун популярдуулугу пандемия маалында башталган. Башка мамлекеттер кыймылга чектөө киргизгенде, Бишкек андай кылган эмес. Ошон үчүн эл Бишкектеги аэропорт аркылуу каттаган. Бирок баарынан мурун аба каттамдарын карап көрүү керек. "Манас" аба майданына 80 пайыз Орусиядан каттамдар келет. Авиабилеттердин баасы эмнеге арзан экенин билбейм, аларды авиакомпаниялар коёт. Биздин аэропортко жүргүнчүлөрдү калтыруу үчүн Алматыга эл аралык авиакомпанияларды тартууну пландап жатабыз. "Манас" аэропортундагы абал убактылуу. Кыймылга коюлган чектөөлөрдүн алынары менен элдин көпчүлүгү Алматы аркылуу каттайт", - деген ал.

"Манас" эл аралык аэропорту Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Монголия, Иран, Орусияга жана ички каттамдарды тейлейт. Туристтердин билдиришинче, "Манас" аэропортунда көбүнчө чет өлкөлөргө авиа билеттердин баасы Казакстандын аэропортторуна караганда бир топ төмөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: