super.kg logo

Бишкекте 5 өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушту

 

Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин аймактык кеңешмеси өттү. Бул туурасында бүгүн, 7-апрелде УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Аймактык форумга шериктеш 5 мамлекеттин чек ара ведомстволорунун делегациялары: Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле Чек ара аскерлеринин командачыларынын кеңешинин координациялык кызматы катышты. Жыйындын катышуучуларына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзү менен кайрылды.

"Жолугушуунун жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин Борбордук Азия чөлкөмүндөгү тышкы чек аралардагы коопсуздуктун негизги маселелери жана коркунучтары, Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүү тенденциялары, чек ара коопсуздугун мындан ары биргелешип бекемдөө боюнча чаралар талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында протоколго кол коюлуп, анын сунуштары 18-майда Түркстанда өтүүчү чек ара аскерлеринин кол башчыларынын кеңешинин жыйынында талкууланат", - дешет мекемеден.

Кийинки аймактык кеңешме 2023-жылдын биринчи кварталында Казакстанда өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: