super.kg logo

Фотоальбом: Сынактан бир ырга үнү жетпей өтпөй калып, тамеки эгип, сакманчы болуп иштеген Сыймык Бейшекеевдин сүрөттөрү

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеев "Фотоальбом" рубрикабыздын кезектеги каарманы болмокчу. Ырчынын чыгармачылыкка кадам таштаган кезинен бактылуу ата болгонго чейинки сүрөттөрү назарыңыздарда.


Белгилүү ырчы 1974-жылы 9-сентябрда Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылында төрөлгөн. 11 бир туугандын экинчиси. Атасы совет убагында айдоочу, апасы мугалим болгон.

Бала кезден сүйдүм сени ыр дүйнө,
Баары тегиз биле албаган сыр дүйнө.
Залкарлардан мурас болуп сакталып,
Замандарда бийик турган кыр дүйнө.

Мектепти аяктагандан кийин борборго окууга тапшырганы келип, сынактан бир ырга үнү жетпей өтпөй калган. Айылга барып тамеки эгип, сакманчы болуп иштеп тапкан акчасына гитара сатып алган. Кийинки жылы борборго кайра келип, ырдаганы Улукмырза Полотовго жагып, Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студияга өтөт. Андан кийин Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклордук бөлүмүндө окуйт.




1994-1999-жылдары филармониянын "Эл ырчысы Эстебес" деген топто иштейт.



Ал "Көлдүк кыз”, "Сары жалбырак", "Шириним", "Сары кыз", "Энеке", "Сүйүү, сүйүү", "Түнкү жылдыздар" жана башка ырлары менен элге таанылат.

Сени менен таанышканда жаңыдан
Сезим күчөп, сүрдөп тургам абыдан
Ошондогу алоологон махабат
Орун алып түнөк тапкан каныман
Жаратканым марттык кылып бир өмүр
Жарым сени чыгарбасын жаныман

Учурда жубайы Нурзада экөө Азамат, Каныкей, Кадырлуу жана Назэрке аттуу уул, кыздарды тарбиялап келишет. Ырчы ишкерлик менен да алектенет.

Уул-кызым кымбат, гүл өңдүү
Урматтап сүйөм бүлөмдү
Бере алсам экен коротпой
Атамдан алган үрөндү!
Коромжу кылбай берейин
Акыл кеп кеңеш үрөндү






кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: