Бажы кызматы быйыл алгачкы үч айда 14,2 миллиард сом жыйнады

Бажы кызматы быйыл 2022-жылы алгачкы үч айда 14,2 миллиард сом жыйнады. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.
Анын айтымында Финансы министрлиги 14,5 миллиард сом жыйноо планын койгон. Бирок ал көрсөткүч толук аткарылган эмес.
“Финансы министрлиги 2022-жылдын алгачкы үч айында Бажы кызматы 14,5 миллиард сом жыйноо планын койгон. Бирок бул көрсөткүч толук аткарылган жок, 14,2 миллиард сом чогултулган. Бул коюлган пландын 98,1 пайызын түзөт. Коюлган пландан 268 миллион сом аз чогултулган”, - деди Исабеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.