super.kg logo

Айыл чарба тармагына бөлүнгөн каражаттар тууралуу министрлик маалымат берди

 

Министрлер кабинети тарабынан быйыл айыл чарба жаатына өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.

Жыл башынан айыл чарба тармагында дыйкандарга арзан насыяларды берүү боюнча иш алып барылууда.

Министрлер кабинети тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Жыл башында айыл чарба тармагында субсидия катары 592 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат дыйкандарга арзан баада насыя катары банктарда берилет. Өткөн жылы дыйкандарга арзан делген насыя 10 пайыз менен берилип келсе, бул жылы 6 пайыз менен берилип жатат. Бул минималдуу көрсөткүч.

Министрлер кабинети тарабынан ошондой эле үрөн сатып алууга 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Буга Орусиядан сапаттуу үрөндөрдү алып келүү пландалууда”, - деди Алишеров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: