super.kg logo

Ошто тилемчилик кылган чет өлкөлүк 6 үй-бүлө шаардан чыгарылды

 

Ош шаарында тилемчилик жасоо үчүн коӊшу мамлекеттен келген 6 үй-бүлө шаар аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгиленген талаптарды бузган 39 жаранга (Чет элдик жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген жүрүү тартибинин эрежелерин бузуу) негизинде айып пул салынды.

Андан сырткары коӊшу мамлекеттерден Ош шаарынын аймагына, Орозо айында жарандардын кайрымдуулук жасоого жасаган аракети көбөйгөн учурунан пайдаланышып, тилемчилик жасоо үчүн келишкен 6 үй-бүлө аныкталды.

Алардын ар биринде кеминде 3төн үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Алар Ош шаарынын аймагынан жер үйлөрдү убактылуу ижарага алышып, тилемчилик жасоо менен күн өткөрүшкөн.

Айрым учурларда жол боюна, жол ортолоруна чыгып алышып, жол кыймылына тоскоол жаратышкан. Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-аракеттерден соӊ бардык 6 үй-бүлө өлкө аймагынан чыгып кетишкен.

Учурда Ош шаарынын аймагында «Нелегал» профилактикалык иш-чарасы уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: