super.kg logo

Кыргыз-Өзбек мамлекет башчылары кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

 

Бүгүн, 8-апрелде президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровду Кумтөр алтын кенинин макамы боюнча "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы жана тийиштүү келишимге кол коюлушу менен куттуктады.

Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулап, аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышты.

Садыр Жапаров Баткен облусуна эки орто мектепти куруу, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрын реконструкциялоо маселесин чечкени үчүн өзбек тарапка ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров ошондой эле Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз мамлекетине пландалган иш сапары эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров 26-27-майда Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Евразиялык экономикалык форумдун жыйынына Өзбекстандын президенти өзү катышарын күтүп жатканына көңүл бурду.

Сүйлөшүү соңунда мамлекет башчылары ыйык Рамазан айынын башталышына байланыштуу бири-бирин куттукташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: