super.kg logo

Чүйдүн №2 аялдар абагындагы балалуу аялдардын жашоо шарты кандай? (сүрөттөр)

 

Жазаларды аткаруу кызматынан Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар абагында балалуу аялдардын шарты тууралуу маалымат берди. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, 3 жашка чейинки балдары бар аялдар абактын обочолонгон бөлүгүндө, калгандары өзүнчө жашашат. Имарат жашоого ыңгайлаштырылып зарыл жашоо шарттары менен жабдылган.

Абактын обочолонгон бөлүгүндө:

- педиатрдын кабинети медициналык жабдуулары менен анын ичинде стол, отургуч жана таразасы бар;

- жатакана бөлмөсүндө жыгач керебеттер, тумбочкалар, жыгач манеждер, буюмдарды сактоо үчүн шкафтар бар;

- оюн бөлмөсүндө килем, жумшак эмерек, батут жана балдар үчүн ар кандай оюнчуктар бар;

- тамактануучу жайда ашкана эмеректери, ысык жана муздак суу, стационардык меш, муздаткыч, тамак даярдоо жана тамактануу үчүн идиш-аяктар;

- жуунуучу бөлмөдө ванна, балдарды жуунтуу үчүн жеке бассейндер жана ванна бөлмөсү;

- батыш тарабындагы короодо балдар аянтчасы (кум, селкинчек жана ар кандай оюнчуктар) бар.

"Өкмөттүн токтомуна, Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, боюнда бар соттолгондорго жана бала эмизген энелерге 5 "Б" өлчөмүндө кошумча тамак-аш берилет. Ай сайын самын жана жуунуучу каражаттар да берилип турат.

Ошондой эле өкмөттүн №864 токтомунда ымыркайлар үчүн памперс сатып алуу каралбаганын белгилейбиз. Бирок №2 мекеменин жетекчилиги жалаяк жана эң керектүү буюмдарды сатып алууга жардам бере турган камкор жарандар менен иш алып барууда. Учурда балдары менен өзүнчө бөлмөдө кармалып турган соттолгон аялдарга жашы жана өлчөмү боюнча бардык балдар үчүн чектелген сандагы жалаяктар берилет", - дешет маалымат кызматынан.

Ал эми балдары бар соттолгон аялдардын коопсуздугу сакталбай жатат деген билдирүүлөр боюнча Жазаларды аткаруу кызматы буларга токтолду.

"Имарат обочолонгон (тосмо бар) жана мекеменин административдик бөлүгүндө жайгашкан. Ал эми коопсуздукту камсыз кылуу жана башка соттолгондор тарабынан ар кандай кол салууга жол бербөө үчүн кызматкерлердин такай көзөмөлүндө жана күнү-түнү видеокөзөмөлдө турат".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: