super.kg logo

Калкты жана турак жай фондусун каттоо боюнча контролдук кыдырууну узартуу чечими кабыл алынды

 

Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондусун каттоо боюнча республикалык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, Улуттук статистикалык комитети Кыргыз Республикасынын бардык аймагында калкты жана турак жай фондусун каттоонун биринчи этабын өткөрдү.

"2022-жылдын 4-6-апрелине чейин контролдук кыдыруу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө өлкөнүн 800дөн ашык тургуну 1216 ишеним телефону, ошондой эле массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу кайрылышкан. Жалпысынан 2000ден ашык арыз катталган", - деди Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов.

Ал кошумчалагандай, ишеним телефонуна кайрылуунун негизги темасы эл каттоо маалында үйдө жок болгондугуна байланыштуу жарандардын эл каттоону кайра өткөрүү сунуштары болду. Ошондой эле жарандар эл каттоого өз убагында катыша албай калган башка себептер да айтылды. Алынган маалымат арыз бергендерди эсепке алуу үчүн аймактык статистика органдарына жөнөтүлдү.

Өз кезегинде министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев белгилегендей, калкты каттоонун негизги максаты - калктын саны жөнүндө реалдуу жана так маалыматтарды алуу.

"Биз республиканын ар бир жаранынын маалыматтарын эске алуубуз жана контролдук кыдырууну ушул жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин узартышыбыз керек", - деди Арзыбек Кожошев.

Натыйжада Кыргыз Республикасынын алыскы аймактарында калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өткөрүлөт. Ошол эле учурда биринчи этапта кандайдыр бир себептер менен эл каттоодон өтпөй калган адамдар үчүн контролдук каттоо өткөрүлөт.

Жыйындын соңунда Арзыбек Кожошев республиканын калкын эл каттоого активдүү катышууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: