super.kg logo

"Золотые пески" пансионатында аквапаркта каза тапкан 18 жаштагы жигиттин окуясы: Соттук иш жыйынтыкталды

 

Былтыр июль айында Ысык-Көлдүн "Золотые пески" пансионатында аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы Станислав Ситниковду соруп кеткен. Бул окуя боюнча соттук иштер жыйынтыкталды.

Облустук соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар жарашуу чечимине келгендиктен кылмыш иши токтотулган. Тагыраагы Ысык-Көл райондук сотунун 2021-жылдын 20-декабрындагы чечими менен айыпталуучу Т.А.Б. менен жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн ортосунда жарашуу келишими түзүлгөн.

Ысык-Көл райондук сотунун (2021-жылдын 20-декабрындагы) чечими тараптар тарабынан даттанылган эмес жана мыйзамдуу күчүнө кирген.

Окуянын чоо-жайы:

2021-жылы 27-июлда "Золотые пески" пансионатында аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы жигитти соруп кеткен. Жерине ӨКМнын, ИИМдин кызматкерлери жана эс алуучулар тартылып, түтүкчөнү кесип баланын жансыз денесин алып чыгышкан.

Ысык-Көл ОИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын иликтеп чыгып, жетиштүү далилдердин бар экендигин эске алуу менен кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган Т.А. аттуу жарандын ишин сотко өткөргөн. Т.А. Бостери айылында жайгашкан "Алтын-Кум" эс алуу жайындагы аквапарктын кожоюну.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: