super.kg logo

Багбандан кеңеш: Сөөлжандын биогумусу менен мол түшүм алууга болот

 

Сөөлжандын биогумусу менен багылган жер дайыма жогорку түшүм берет. Бул тууралуу Борбор Азия багбандар биримдигинин жетекчиси Абдулла Ташиев SUPER.KG порталына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, табигый түшүм алуу үчүн биогумустун ролу чоң.

"Сөөлжан багуу үчүн кык керек. Эгерде жаңы кык болсо ошол кыкты үйүп, суу менен нымдап, жаап койсо болот. Ал эми жаңы кыктын кургашы үчүн 4 айга чейин ачык жерде калтыруу керек. Эки айдан соң сөөлжанды салуу шарт. Ошондой эле кык 2 жылдан ашык турбашы керек. Себеби 2 жылдан ашык туруп калса сөөлжан жей турган эч нерсе калбай калат.

Талас, Чүй жана түштүк аймактагылар кыкты бийиктиги 50 сантиметр, туурасы 1,5 метр кылып жасаганы шарт. Ал эми түндүктөгү калган аймакта бийиктиги 1 метр, туурасын 2 метр кылып, сөөлжан салынат. Башкысы түнкүсүн сөөлжан үшүп калбашы керек. Андан соң кыктын үстүнө суу куюлат, четинен сары суусу чыга баштаганда токтотуп коюу керек.

1 тонна кыкка 10 килограмм уруктук сөөлжан салынат. Сөөлжан толук 6 айда кыкты капкара кылып, биогумус чыгарып берет. Ал эми биогумустун баасы килограммына 25 сомдон сатылып жатат.

Мындан сырткары күз маалына да кык даярдоого туура келет. Биринчи даярдалган кыктын үстүн жүк ташуучу унаа менен алып келип, түшүрүп, бийиктигин 2 метр кылып үйүп коюу керек. Андан соң нымдап, үстүн клёнка менен жаап коюу шарт", - деди багбан.

Ошондой эле ал химиялык жер семирткичтерди колдонбоо керектигин кошумчалады.

"Сөөлжан бизге эң таза табигый жана күчтүү жер семирткичти даярдап берет. 2 килограмм биогумус 50 килограмм чириген кыктын күчүнө барабар.

Ошондой эле сөөлжанга хлордуу суу бербөөнү сунуштайм. Мындан сырткары сөөлжанды жайында мүмкүн болушунча сарайдын ичинде, ал эми кышында сыртта баккан туура. Дегеним, сарайдын ичинде үшүп, жазында күйүп калбашы керек.

Айта кетчү жагдай, химиялык жер семирткичтерди эч качан колдонбош керек. Анткени, алар жерди арыктатып, адамдардын ооруга чалдыгуусуна себеп болот", - деди ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: