super.kg logo

Өлкөдөгү музейлердин абалы тууралуу талкууланды

 

8-апрелде Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаттары Кыргыз Улуттук тарых музейинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин жетекчиси Рыскул Боронбаев, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин жетекчиси Сарина Дайырова, М.В.Фрунзе атындагы үй музейинин жетекчиси Бакыт Бакчиев катышты.

Жыйында өлкөдөгү музейлердин абалы талкууга алынып, анын ичинен бир катар көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору айтылды.

Айрыкча, музей жетекчилери тарыхый экспонаттарды алууга каржылык колдоо көрсөтүү маселесин көтөрүшүп, муну менен катар адистердин жетишсиздиги актуалдуу экенине токтолушту.

Талкуу соңунда айтылган көйгөйлөр эске алынары белгиленип, фракция мүчөлөрү аларды чечүү багытында Министрлер кабинетине керектүү сунуштарды беришерин кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: