Ош шаарындагы бардык бак-дарактарды инвентаризациялоо иштери жүргүзүлөт

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жетектеген штабдын жыйынына тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, жогорку окуу жайлардын жана колледждердин өкүлдөрү катышты.
Жыйында эртең, 9-апрелде Ош шаарында массалык ишембилик өткөрүлөрү айтылып, ага жалпы шаардыктар активдүү катышуусу керектиги белгиленди.
Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, бардык турак жайлардын, мамлекеттик жана жеке менчик объектилердин короосундагы бак-дарактардын эсебин жүргүзүү жана инвентаризациялоо керектиги айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.