Кыргыз-Швейцария ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды
Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана парламенттер аралык байланышты, анын ичинде тиешелүү комитеттердин жана достук топтордун ортосундагы мамилелерди кеңейтүү жолдорун талкуулашты.
Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз-Швейцария мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилеп, 30 жыл аралыгында Швейцария Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүндөгү маанилүү өнөктөштөрдүн бири болуп, өлкөгө 450 миллионго жакын швейцариялык франк өлчөмүндө колдоо көрсөткөнүн кошумчалады.
"Акыркы жылдары биздин өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташуусу жигердүү өнүгүүдө. Биз мындан ары да мамилелерибизди динамикалык түрдө алга жылдыра беребиз деп ишенем. Швейцариянын саясий системасында парламенттин ролу канчалык маанилүү экенин билебиз. Кыргыз Республикасында Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин дагы парламенттин ролу өтө маанилүү бойдон калганын белгилеп кетким келет", - деди Айдарбеков.
Мындан тышкары, Чыңгыз Айдарбеков швейцариялык тарапка бизнес-форум өткөрүүнү, анда эки өлкөнүн ишкерлери эки тарапты кызыктырган долбоорлорду талкуулоону сунуштады.
Өз кезегинде Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертер эки тараптуу кызматташуунун ийгиликтүү экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Дипломат миграциялык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
