Алымкадыр Бейшеналиев бир кезде "лопух" деп айткан хирург Эрнст Акрамов менен кол алышып сүрөткө түштү




Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен хирург Эрнст Акрамов балаты отургузушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Биздин планета - биздин ден соолук" деген ураан астында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата республиканын саламаттыкты сактоо уюмдары өз аймактарында бак-дарактарды отургузууда.
"Бүгүн, 9-апрелде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириккен ооруканасына көчөт отургузууга катышты. Ишембиликке оорукананын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү катышты. Профессор Эрнст Акрамов жашылдандыруу иштерине катышкан. Ал саламаттыкты сактоо министри менен биргеликте балаты отургузду. Ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагынын иши жана өнүгүүсү тууралуу сөз болду", - деп жазылат маалыматта.
14-мартта министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги "Тез жардам" ооруканасына барганда Чүй облустук ооруканасындагы Эрнст Акрамов атындагы хирургия илимий борборун жапканын билдирген.
