Акылбек Жапаров Бишкекте автобустарды сатып алуу маселеси кыска мөөнөттө чечилиши керектигин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте автобустарды сатып алуу маселеси кыска мөөнөттө чечилиши керектигин айтты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү финансы каражаттары бөлүнгөн. Бирок маселени чечүүдө эч кандай жылыш жок. Шаардыктар менен борбордун меймандары дагы эле жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун тийиштүү көлөмү жетишсиздигине байланыштуу чоң көйгөйлөргө дуушар болууда. Бул маселени кыска мөөнөттө чечип, автобус өндүрүүчүлөр менен тиешелүү келишимдерди түзүү зарыл. Создуктурууга убакыт жок", - деди ал.
Акылбек Жапаров маалымдагандай, президенттин "Жашыл мурас" демилгесинин алкагында ар кыл дарактардын көчөттөрүн отургузуу үчүн 20 гектар жер бөлүнгөн.
"Жалпыбыз, анын катарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер "Жашыл Мурас" программасын ишке ашырууга активдүү катышууга ниеттенүүдөбүз. Биздин максат – жашыл аймактардын санын көбөйтүү жана борборубуздун мурдагы жашыл шаарлардын бири катары таанылган сыймыктуу атын калыбына келтирүү. Биз бул жерлерди мамлекеттик органдарга бөлүп бердик жана жакынкы келечекте ал жерге 800 миңден ашуун көчөт отургузулат", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

