super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев: "Эрнст Акрамов "лопух" дегениме сүйүндү, аны башка сөздөр менен сөксөм да таарынбайт болчу"

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бир кезде "лопух" деп айткан хирург Эрнст Акрамов менен кол алышып сүрөткө түштү. Мындан улам SUPER.KG порталы министрге байланышса төмөндөгүлөрдү айтты.

"Мен эч качан кечирим сурабайм да. Ал менден кечирим сурады. Биз элдешкидей ал экөөбүз урушкан деле эмеспиз. Акрамов менен 3 жыл чогуу иштегенбиз, ал бөлүмдүн башчысы болгон. Ал мени жаш кезимде жаман сөздөр менен тилдечү. Анан мен аны азыр "лопух" дедим. Ал "мени да жаман сөздөр менен тилдейсиң го деп ойлоп жүргөм, "лопух" деп туура айттың дейт. Ошол кезде бизди Акрамов маймылга окшоштуруп тилдечү. Башкалар башын ылдый салып жүрчү, мен эле буга жооп кайтаргам. Анан мени жумуштан кетирип жиберген. Ошондо мен ага бир күнү чоң болгондо сени айдайм деп айткам. Азыр ал "лопух" дегенге сүйүндү, аны башка сөздөр менен сөксөм да таарынбайт болчу. Бул мени мурда кыйнагандай кылып айдап чыксам ал мага рахмат айтмак. Кой эми улуу киши деп кечиримдүү болдум", - дейт Бейшеналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: