super.kg logo

Бакыт Төрөбаев курулуш секторунун өкүлдөрү менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев курулуш секторунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төрөбаев белгилегендей, курулуш секторунун өнүгүшү мультипликативдик натыйжага ээ, аны менен катар экономиканын башка тармактары да өнүгөт. Ал курулуш компанияларын аймактарда көп кабаттуу турак-жайларды куруу менен аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүүгө чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө курулуш тармагындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде тармакты жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, курулуш иштеринин сапаты, өлкөнү курулуш материалдары менен камсыздоо маселелери, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын курулуш компаниялары менен кызматташуу маселеси, өлкөнүн аймактарында курулуш секторуна дем берүү чаралары талкууланды.

"Биз адистештирилген ассоциацияларга ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жана мамлекеттик органдардын андан ары кароосу үчүн башка актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөктөшүүчү токтом долбоорлорун даярдоосуна мүмкүнчүлүк түзгүбүз келет. Ошондой эле курулуш тармагы да ассоциация түзүп, бул багытта министрлер кабинети менен кызматташа алат", - деди Бакыт Төрөбаев.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: