super.kg logo

Акылбек Жапаров балык чарбаларынын иши менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Ата жана Панфилов райондорунда жайгашкан балык чарбаларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы инкубациялык цехти, форель чабактарын өстүрүүчү бассейндерди жана балык питомнигинин башка бөлүктөрүн көрүп чыкты.

Ошондой эле ага форелден жасалган даяр продукция да көрсөтүлдү.

Балык чарбаларынын иши менен таанышуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү ата мекендик балык тармагын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулашты.

Өндүрүүчүлөр бизнес жүргүзүүдө пайда болуп жаткан кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору тууралуу айтып беришти.

Акылбек Жапаров жергиликтүү балык түрлөрүнүн санын жана осетр балыктарынын икраларын өндүрүүнү калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга катар Министрлер кабинетинин башчысы «Аква сервис» компаниясынын өкүлдөрү тарабынан сунушталып жаткан сууда чарба жүргүзүү борборун түзүү боюнча долбоорлорду колдоорун билдирди, анда Жалал-Абад областындагы Токтогул суу сактагычынын бассейнинде балык чарбасын жүргүзүү жана осетр балыктарды өстүрүү боюнча окуулар өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: