Акылбек Жапаров Жайыл районунун бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды





Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жайыл районунун бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин башчысы куюу цехинде болуп, ата мекендик ишкерлердин көйгөйлөрүн укту. Кеп зарыл сырьёлор менен камсыз кылуу жөнүндө жүрдү.
Аталган көйгөйдү чечүү максатында Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигине мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде экинчилик сырьёну чогултуп, андан соң продукцияны үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн заводго өткөрүп бере турган ишкана түзүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Андан соң Акылбек Жапаров жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды өндүрүүчү ишкананын иши менен таанышып, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге Бишкек жана Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларынын мэрлери менен бирдикте ишкананы тийиштүү заказдар менен камсыздоо, анын ичинде мамлекеттик банктар аркылуу кредит берүү жолу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Ошону менен бирге «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына да ушундай эле жол менен жүк ташуучу унааларды сатып алуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.
Мындан тышкары министрлер кабинетинин башчысы укук белгилөөчү документтерди алууга жардам берүүнү өтүнгөн Кара-Балта шаарынын жанындагы Дача-Огонёк конушунун жашоочулары менен жолугушту. Бул аларга жашаган жери боюнча каттоого турууга, жөлөк пулдарды жана пенсияларды, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууга мүмкүндүк берет.
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө айтылган маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү тапшырды.
Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле кездемелерди чыгаруучу ишкананын курулушунун жүрүшү менен таанышты, андан соң алтынды бөлүп чыгаруучу фабрикага жана айнек идиштерди чыгаруучу ишканага барды.

