Саламаттыкты сактоо министрлиги 1-июнда Ысык-Көлдө "Алтын-Балалык" борборун ачууну пландоодо




Саламаттыкты сактоо министрлиги 1-июнда Ысык-Көлдө Алтын-Балалык борборун ачууну пландоодо. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү “Алтын-Балалык” ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык борборуна Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков келип, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустун айрым саламаттыкты сактоо мекемелеринде да болду.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутатты курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери менен тааныштырды. Экөө биргеликте борборго балаты отургузушту. Мындан тышкары, учурда поликлиниканын имаратында иштеп жаткан жана эне-балага медициналык жардам көрсөтүп, жүрөккө операциялар жасалып жаткан бөлүмдөр менен таанышты.

