Бишкекте мыйзамсыз түрдө куралдан ок чыгарууга айыпталып УМККнын кызматкерлери кармалды
Бишкек шаарында мыйзамсыз түрдө куралдан ок чыгаргандыгына байланыштуу УМККнын кызматкерлери кармалды. Белгилүү болгондой, 7-декабрда саат 22:00 чамасында Октябрь РИИБне 12-кичи райондо жайгашкан №8-үйдүн жанынан ок атылганы тууралуу арыз түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу жетип келип, Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын 2 кызматкерин кармашкан. Алардын биринен SТRЕАМЕR-1014 үлгүсүндөгү травматикалык тапанча 4 огу менен алынган. Кармалган жарандар көрсөтмө берүүдөн баш тартууда, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:43
2026-02-14
16:19
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















