ЖЫЛНААМА, 10-АПРЕЛЬ: Коомдук-саясий ишмер Абсамат Масалиев көзү тирүү болгондо 89 жашка чыкмак



Мындан 89 жыл мурун, 1933-жылы 10-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна (мурдагы Ош облусунун Фрунзе району) караштуу Алыш кыштагында туулган.
Ал 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, 3 жылдан соң Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматына өткөн.
"Кыргызкөмүр" трестинин участогунда жетекчинин жардамчысы, шахтанын башкы инженеринин орун басары, тресттин башкы инженеринин жардамчысынан баштап, Кыргыз коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин (БК) өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы кызматына чейин бир топ мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеген.

