super.kg logo

Ырчы Самара Каримова 31 жашка толду. "Туулган күнүмдө ооз ачар өткөрүп коёюн деп даярдыктарды көрүп жатам" дейт ырчы

 

Белгилүү ырчы Самара Каримова бүгүн, 10-апрелде 31 жашка толду. SUPER.KG порталы аны куттуктап байланышса ал жалпы күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

"Быйыл менин туулган күнүм ыйык Орозо айына туш келгенине сүйүнүп жатам. Өзүбүз дагы орозо кармап жатабыз. Биринчи ата-энеме ыраазычылык айтам. Балдарым чоңоюп калышыптыр, атасы менен биргеликте саат 00:00дө куттуктап, сюрприз кылышты. Аябай сүйүндүм. Досторум, күйөрмандарым үйгө келишип, айрымдары белектерин жөнөтүп куттуктап жатышат. Азыр өзүнчө эле асманда учуп жүрөм. Куттуктоо айткандардын баарына он эсе жакшылыктарды каалайм. Быйыл орозо болгон үчүн бул күндү үй-бүлөм менен эле үйдө өткөрөм деп ойлоп жаткам. Эртеден бери 5-6 адам үйгө келип кеткендиктен, шаарыбыздагы кафелердин бирине ооз ачар өткөрүп коёюн деп даярдык көрүп жатам", - дейт Самара Каримова.

Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрлук бө­лү­мүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош шаарына которулган. "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча Самара Каримова "2014-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон. Ал 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык сынактын баш байгесин утуп алган. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты.

Ырчы айым 2011-жылы Асан Мансуровго турмушка чыгып, Алихан, Барсбек аттуу уулдуу жана Даткайым деген кыздуу болушкан.

10-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: