Бүгүн 1-класска электрондук каттоо башталды. Анын жол-жобосу
Бүгүн, 11-апрелде өлкөдө мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт:
* Биринчи этап 11-апрелден 27-июнга чейин – катталган жери боюнча;
* Экинчи этап 27-июндан 10-сентябрга чейин – учурда жашап жаткан жери боюнча.
КАНТИП АРЫЗ БЕРҮҮ КЕРЕК?
Арыз берүү үчүн төмөндөгү маалыматтарды ырааты менен толтуруу зарыл:
1. Баланын кимиси экенин көрсөтүү?
- Атасы;
- Апасы;
- Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).
2. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тууралуу маалыматтар:
- Жарандыгы;
- Жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
- Уюлдук телефон номери;
- (Логин жана пароль келе турган) негизги электрондук почтасы;
- Кошумча электрондук почтасы (Электрондук почталар каттоо жазуусун калыбына келтирүү үчүн зарыл);
- Жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).
3. Бала тууралуу маалыматтар:
- Баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, туулган датасы, жынысы;
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери.
4. Мектепти тандоо:
Биринчи этап боюнча:
- Каалаган окутуу тили;
- Ата-энесинин катталган дареги боюнча системада тийиштүү мектеп автоматтык түрдө көрүнөт.
Экинчи этап боюнча:
- Каалаган окутуу тили;
- Облусу/шаары;
- Арыз ээси бош орундар болгон учурда каалаган мектепти тандай алат.
5. Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтарды көрүп чыгуу:
- Арыз берерден мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат;
- Арыз тастыкталгандан кийин сиздин электрондук почталарыңызга мектепке кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.