super.kg logo

Сабырбек Жумабеков Түркияда операция жасады

 

Сабырбек Жумабеков Түркияда операция жасады. Бул тууралуу Жумабеков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Анын айтуусуна караганда, ал акыркы эки айда Түркияда болуп, анда Измир жана Стамбул шаарындагы клиникага барган.

Стамбулдагы клиникада бейтаптын биринин тизесине жасалган операцияга катышкан.
Жумабеков “бул алдыңкы ыкмада жасалган операция” деп сыпаттаган.

Эскерте кетсек, Сабырбек Жумабеков буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун жетектеп келген. Жыл башында ал жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы түзүлгөн. Бул аракетти саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сыпаттаган. Бул аракеттерге нааразы болгон аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков президентке кайрылуу жолдогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: