Салык кызматы Бишкекте документи жок 10 миң бөтөлкө аракты алды (фото)




Бишкекте сатууга уруксат берүүчү документтери жок 10 миң бөтөлкө арак тартып алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө сактоого жана сатууга уруксат берүүчү документтери (лицензиясы) жок алкоголдук продукция сакталган кампаны аныкташты.
3 миллион 900 миң сомдук 10 миң бөтөлкө арак тартып алынды", - деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.
Ишкерге карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.