super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаты бир айлык маянасын "Нур-Баткен" футболдук клубуна которот

 

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова өзүнүн бир айлык маянасын Кыргыз Премьер-Лигасына быйыл кошулган "Нур-Баткен" элдик футболдук клубуна которот. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Менин дарегиме "Нур-Баткен" футболдук клубунун уюштуруучулары тарабынан спортту, анын ичинде футболду өнүктүрүүдө көмөктөшүп, колдоо көрсөтүп берүүнү өтүнгөн кайрылуу түшкөн. Мен жаштарыбыз спорт менен машыгып, ийгиликтерди жаратуусу үчүн ар дайым салым кошууга аракет жасайм. Ошондуктан бир айлык маянамды "Нур-Баткен" футболдук клубунун эсептик капчыгына котором", - деп жазды ал.

"Нур-Баткен" элдик футболдук клубу быйыл гана Кыргыз Премьер-Лигасына кошулду. Турнирдик жадыбалда баткендик клуб учурда 9 упайы менен биринчи орунда келе жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: